www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва прокуратурасы адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгына шектелген актер Михаил Ефремовго акыркы такталган айыбын угузду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жзып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актер Кылмыш кодексинин “Жол эрежесин бузган", "Мас абалында автоунаа айдаган" жана "Адам өлүмүнө себепкер болгон” деген беренелери менен соттолот. Ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул берененин эң аз жаза мөөнөтү - 5 жыл эркинен ажыратуу. Ишти Москванын Пресненск райондук соту карамай болду.

Эске сала кетсек, 8-июндун түнүндө актер айдап келе жаткан автоунаа каршы тилкеге чыгып, фургон менен кагышкан. Натыйжада фургондун айдоочусу, 57 жаштагы Сергей Захаров ооруканада өлгөн. Ефремов жабыркаган эмес.

Актер жол кырсык катталган жерден кармалып, соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Кийинчерээк Москванын полициясы ал мас абалында болгонун кабарлаган. Суракка келбей койгон Ефремовду полиция үйүнөн камакка алган болчу. 10-июнда актер үй камагына чыгарылган.

Михаил Ефремов – белгилүү театр жана кино актеру, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти. Көпчүлүккө ал сатиралык долбоорлор жана Орусиядагы 1-каналдын "Мени күт" программасы аркылуу таанымал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости