www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Бүт денем зыркырап ооруп жатканын сездим. Көзүмдү ачалбай алсырайм. Чый-пыйы чыккан апамдын үнү алыстан гана угулат. Тамырымдан шорголоп акка кан токтогон экен. Ийненин күчү го... Канча аракет кылбайын, көзүмдү ачалган жокмун. Уйкуга кеттим...
Баканга эки челекти илип алып чоң арыкка сууга баратам. О баягы, жаңы келин болуп келгендеги кызыл көйнөгүм менен маасы-көлөчтү кийип алыпмын.
Жеңил шамал, кадамдарым да жеңил. Булуттардын үстүндө бараткандай... Жүрөгүм дүкүлдөп, көкүрөгүм толо сүйүү. Көчөнүн башында атын жетелеп бирөө келатты. Ким?
Жакындашкан сайын жүрөк панжарасынан ыргый чыгат. Ким?! Көкүрөктөгү сүйүү төгүлүп бүтмөй болду го!
Ээ, балдарымдын атасы го. Неге атты минбей келатат? Эмне болуп кетти? Неге жетелеп алган? Минип жүрчү эле го...
- Актилек! Атты карма!, - деп, басмайылды катуу тартты.
– Манавы басмайыл чечилип кетпесин. Басмайыл чечилип кетсе, ээр-токум шыпырылып түшүп калат. Аны сен билесиң да. Мен шашып атам.
Жүгөндү Шумкарбекке карматкын, атты башкарышты үйрөтүп койгом. Карма! - деди да, артын карабай энтиге баса берди. Көзүмө караган жок.
Тамырды теше кирген ийне селт эттирди. Билегиме буйталап ийне сайып аткан дарыгерлердин улам алыстап, улам жакындап угулуп жаткан “Кан токтобой жатат!” деген кыйкырыктарынын арасында “сөөгү түштөн кийин жерге берилет экен” деген апамдын суук сөзү кулагыма илине, тамырдагы шоргологон кан муздай түштү.
Караңгылык...
Арадан үч ай өттү. Опкосунан түшкөн дүйнөмдү балдарымдын күлкүсү жандандырып баратты. Береги айылдын четиндеги чоң таштын үстүндө көпкө ойлонуп отуруп, чүрпөлөрүм үчүн башты көтөрүп жашашым керек деп өзүмө-өзүм сөз бергеним эсимде.
Ансыз да көңүлү жарты балдарым жок дегенде, апасынын мээримине каныгып чоңоюшсун! Менин күлүп турган жүзүмдү түбөлүк эстеп калышсын! Атасы эс тарта электе кетти...
Эки сүрөттүн аралыгы 6 жыл.
Актилек Гүлжигит кызы
Булак: NazarNews.kg