www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актёр

“Бопуш” аты менен элге таанымал болгон актёр Марат Жанталиев көз жумду. Бул тууралуу анын жакындары биздин редакцияга билдирди.

Бопуш" деп элге таанылган белгилүү актёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Марат Жанталиев 59 жашында каза болду. 
Айтымдарында, актёр буга чейин ооруп жүргөн. 59 жаштагы талант ооруканадан үзүлгөн.

Актёр, куудул Марат Жанталиев Нарын облусунун Кара-Кужур айылында туулган. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. Марат Жанталиев көп жылдардан бери Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театрында эмгектенип келген.
Жантелиев Эрнест Абдыжапаровдун "Саякбай" тасмасында Саякбай манасчынын образын да жараткан.

Актердун жакындарына NazarNews маалымат агенттигинин жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости