www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле А. Абдыгулованын «Элес» пьесасын сахналаштырган КРнын эл артисти Назира Мамбетова спектаклди индия элчилигине кайрадан койду. Индиядан келген профессор Бхуванесвар Чилукури Нуржаасын мырзаны Болливуд жылдызы Амитабх Баччанга окшоштурганын жашыра албады.

Кандай роль туш келбесин кыймылы менен гана аткарбастан аны аздектеп, жан-дүйнөсү менен берилип, ошол каармандын туйгусун жүрөгүнүн түпкүрүнөн өткөрүп, каармандардын бир-бирине окшобогон кулк-мүнөзүн өтө кылдаттык менен ача билген, Б. Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актёру Нуржаасын Жумагулов болду.

- Кесипке жараша мүнөз өзгөрүлөбү же тескерисинчеби?

- Менин оюмча адам баласында калыптанган мүнөз болсо, ошо бойдон калып калса керек. Бул кесипти тандагандан бери элдерге болгон мамилем түп тамыры менен өзгөрдү. Буга чейин киши менен иши жок, мүнөзү катаал түнт бала, актёрдук кесипке ээ болгондон соӊ, эл менен пикир алышууну үйрөндү. Оор басырыкту мүнөзүм бар,  түпкүлүк мүнөз кала берет тура. Ал эми мүнөздөгү сапат өзгөрөт экен.

- Кыялыӊызда жашаган роль?

- Менин кыялымдагы жашаган роль чоӊ роль. Трагедиянын атасы Софоклдун «Эдип падыша» пьесасын сахналаштырышса, Эдип падышанын образын ачып берүү кыялым бар.

- Мейли театрдабы же кинодо болобу, чегине жеткире аткарган мыкты чеберсиз. Тасма менен спектаклдин кандай айырмачылыгы бар, дегеним эки жакта теӊ үзүрлүү эмгек өтөөдөсүз…

- Спектаклде аткара турган ролуӊ бышып-жетилмейин даяр болбойсуӊ, себеби, көрүүчүлөр кандай көз-карашта алардын ички туюумун сезе билишиӊ керек. Тасмада болсо жеткиликтүү аткара албасаӊ, бир нече дубль менен тартыласыӊ.  Жаман жери. Тасма чыккан соӊ кетирген катачылыгыӊ оркоюп көрүнүп калат да. Аны эч качан оӊдой албайсыӊ.

- Корифейлерден кимди кумир тутасыз?

- Албетте, тарыхта аты алтын тамгалар менен жазылып калган, залкарыбыз  Сүймонкул Чокморовду кумир тутамын. Ал катышкан тасмаларды кууп жүрүп көрчүмүн. Чокморовдо харизма бар. Чыныгы мырзалык сапат өӊүндө көрүнүп турчу. Миӊдеген аялзаты бекеринен ашык болбогондур деп ойлоп кетемин. Аткаруу чеберчилигинде сөз жок.

- Комедия жанрында өзүӊүздү сынап көргүӊүз келеби?

- Негизи адам баласы жаратылыштан комедияга жакын, жөп-жөнөкөй нерсе сахнага чыкса эле, элге күлкүмүштүү көрүнгөн профессионал актёрлорубуз бар. Менин фактурамды режиссёр комедиялык ролдорго туура көрбөйбү, айтор, жалаӊ гана драмалык ролдорду жаратып келемин. Бирок өзүмдү комедия жанрында дагы сынап көргүм келет, эгер андай болбосо анда мен эмнеге актёрдук кесипти тандадым деп өзүмө-өзүм суроо бермекмин.

- «Мега тойдогу» жигит чыныгы жашоосунда арзыганына жолугуптур...

- Сырткы сулуулугу менен ички жан-дүйнө кооздугу төп келген кыздар жакчу. Эӊ негизгиси кыз бала  жөнөкөй, ак көӊүл жана назик болсо, ошол мүнөздөрү сулуулугун арттырып турат.  Мага кунура кыргыз кызынын сулуулугу жакчу, Акылайдан ошол сулуулукту таптым.  Себеби, табигый сулуулук өз доорун эч качан жоготпойт эмеспи.

- Бакыт сиз үчүн…

- Ар бир аткан таӊды тосуунун өзү бакыт. Байлык да, бийлик да сага бакыт алып келбейт. Кудайга шүгүр жакындарымдын баары аман-эсен. Жакында эле сүйгөнүмө баш кошуп, бактылуумун.

- Максат токтогон жерде жашоо да токтойт эмеспи, алдыга койгон максаттар…

- Алдыга койгон максаттар көп.  Ушул жерден туруп көз чаптырсам тээ алыстан бүлбүлдөгөн жарык көрүнөт. Мен ошо жарыкка жеткенде гана максатыма жеткен болом. Мендеги негизги максат искусстводо театр жаатын дүйнөлүк аренага чыгаруу.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости