www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда учак билеттери арзандады

Кыргызстанда авиабилеттер бир топ арзандаганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин пресс-борборунда өткөн брифингде Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдирди.

"Билеттер августтан бери арзандап келе жатат. Авиакомпанияларга, анын ичинде россиялык компанияларга карата жүргүзгөн саясатыбыз жана ишибиз бааны түшүрүүгө жардам берди. Мисалы, Россияга жазында 60 миң сом менен учуп барышса, азыр билеттин баасы бир топ эле түштү. Айрым багыттар боюнча билеттер пандемияга чейинки баадан да арзан сатылууда", — деди Настаев.

Ал билет баасы боюнча маселе Жарандык авиация агенттигинин көзөмөлүндө турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жазында Россия менен Казакстандын шаарларына билеттер кескин кымбаттап кеткен. Бийлик бул маселени көзөмөлгө алган. Туруктуу каттамдардын көбөйүшү менен билеттин наркы төмөндөдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости