www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 23-ноябрда «Саясий туруктуулук – өнүгүүнүн негизги шарты» темасындагы «Чеч-Дөбө» коомдук-илимий дискуссиялык форумуна катышты.

Коомдук ачык талкуу коомчулуктун демилгеси менен Президенттин администрациясынын жана Президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин колдоосунда болду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Иш-чаранын максаты алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоолордун алкагында Кыргызстандын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана руханий-идеологиялык өнүгүү багытын, көйгөйлүү маселелерин бийлик, илим, билим берүү жана коомчулуктун катышуусунда талкуулоо жолу аркылуу жалпы мунасага келүү.

Сүйүнбек Касмамбетов белгилегендей, учурда парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө активдүү даярдык көрүлүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ар кыл деңгээлдеги жетекчилерге кайрылып, эркин жана адилетүү добуш берүү жараянын уюштуруунун маанилүүлүгүн билдирген.

«Мамлекет башчысы мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине иштеп жаткан мыйзамдарды так сактоо боюнча катуу талаптарды койду. Андай болбосо, аларга катаал жаза колдонулат. Белгилүү болгондой, акыркы убакта административдик ресурсту колдонгон учурлар жана шайлоону өткөрүүдө мыйзамсыз ыкмаларды пайдалануу боюнча кескин чаралар көрүлүүдө», - деди ал.

Сүйүнбек Касмамбетовдун айтымында, жер-жерлерде добуш сатып алууларды жана административдик ресурсту толук жокко чыгаруу үчүн жолугушуулар жана ар кыл иш-чаралар өткөрүлүүдө. Мамлекеттик катчы кошумчалагандай, жарандар парламенттик шайлоодо мыйзам бузууларга жол бербөө максатында өздөрү уюшушуп жатканы байкалууда жана мындай көрүнүштөр коомулуктун консолидациясына өбөлгө болот.

Ошондой эле, форумдун башка катышуучулары мамлекеттүүлүктү сактоо жана чыңдоо боюнча коомдун негизги жоопкерчилигин, ага жетүү үчүн Кыргызстандын тарыхындагы эң таза жана адилеттүү шайлоо өткөрүү үчүн бардык күч-аракет жумшалып жатканын белгилешти, деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости