www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин Биринчи май райондук соту социалдык тармактарда бийликти сындаган билдирүүлөрү менен белгилүү болгон активист Азамат Баямановду эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу анын жубайы Азаттыкка билдирген.
Активисттин кайсы берененин негизинде кармалганы азырынча тактала элек. Сот маалымат такталып жатканын маалымдады.
Буга чейин 24-июлда Баямановду белгисиз адамдар кармап, автоунаага күч менен отургузуп алып кеткени кабарланган. Укук коргоо органдары бул боюнча расмий маалымат бере элек.
Баяманов буга чейин УКМКга чакырылганын билдирип, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, айрым мамлекеттик чечимдерди сынга алган видеосун жарыялаган.