www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик социалдык заказдын алкагында жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытында «5200» ишеним телефонунун үзгүлтүксүз иштешин камсыздап келет.
Аталган кызмат жарандардын кайрылууларын кабыл алып, аларга психологиялык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча кеңеш берет. Ошондой эле зарыл болгон учурда тиешелүү мамлекеттик органдарга жана адистештирилген кызматтарга багыттайт.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын алгачкы алты айында «5200» ишеним телефонуна 3480 кайрылуу түшкөн.
Кайрылуулардын арасында:
Мындан тышкары, 1309 жаран юридикалык жардам алууга багытталса, 1302 адамга психологиялык жардам көрсөтүлгөн.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандарды үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын жашырбоого жана укуктары бузулган учурда өз убагында жардам сурап кайрылууга чакырат.
Министрликтин белгилешинче, зомбулук жеке үй-бүлөнүн гана эмес, жалпы коомдун коопсуздугуна жана жарандардын жашоо сапатына таасир эткен көйгөй. Ар бир кайрылуу өз убагында жардам көрсөтүүгө жана оор кесепеттердин алдын алууга мүмкүнчүлүк берет.
Жарандар оор турмуштук кырдаалга туш болгон учурда «5200» ишеним телефонуна кайрылып, квалификациялуу консультация, психологиялык жана укуктук колдоо ала алышат.