www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26-июлда тайфун Гуандун провинциясынын жээгине жана Гонконгго жетти. Шамалдын ылдамдыгы эпицентринде 45 м/секундга чейин жетүүдө.
715 миңден ашуун адам кооптуу аймактардан эвакуацияланды. Эң көп жабыркаган аймактар — Хуэйчжоу жана Шаньвэй.
Алдын ала маалымат боюнча, кеминде 9 адам жаракат алды.
Гонконгдо 9-деңгээлдеги бороон-чапкын эскертүүсү жарыяланып, мектептер, мамлекеттик мекемелер жана соттор жабылды. Аба каттамдары да убактылуу токтотулду.
Катуу шамал имараттардын чатырларын учуруп, бак-дарактарды тамыры менен жулуп, жарнамалык конструкцияларды кыйратууда.
Синоптиктер тайфун материктин ичкери аймактарына жылып бара жатканын билдиришүүдө. Айрым жерлерде 250 ммге чейин жаан-чачын жаап, суу ташкыны жана жер көчкү коркунучу жаралышы мүмкүн.