www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Активист Рита Карасартова кармалганын жакындары 15-апрелде социалдык түйүндөргө жарыялашты.
Алардын айтымында, Карасартова Чүй ОИИБге суракка чакырылып, андан кийин кармалган. Иш Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык башаламандык) боюнча козголгон.
Анын камакка алынышы эмне менен байланыштуу экени азырынча белгисиз. Бир катар активисттер жана жалпыга маалымдоо каражаттары активист Тилекмат Куреновдун көп жыл мурда жазылган катынын жарыяланышы себеп болушу мүмкүн деп божомолдоп жатышат.
Карасартованын айтымында, Куренов аны камакка алышса же ага бир нерсе болсо катын жарыялап коюуну өтүнгөн. Карасартова ал катты 14-апрелде күндүз жарыялаган.