www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий куугунтуктан улам өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген жарандык активист Тилекмат Куренов чет өлкөдөн саясий башпаанек сурай турганын «Фейсбуктагы» баракчасындагы түз эфирде айтты.

Куренов учурда кайсы мамлекетте экенин жана кайсы өлкөдөн башпаанек сурап жатканын айткан жок.

«Эртең документтерим даяр болот. Айла жок, башпаанек сураганга аргасыз болуп турам. Себеби акыркы жуманын ичинде беш өлкөгө барсам, беш өлкөгө тең «кармап бергиле» деп өтүнүч жиберишти. «Кармап бербейбиз» деген өлкөлөрдөн «өзүбүз алып кетебиз, уруксат бергиле» деп уруксат алышты. Ушул жакка келгенге мажбур болдум. Бул жактын бийлиги, адвокаты мага толук коопсуздукту убада кылышты», — деди ал.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Мамбетжунус Абылов, Орозайым Нарматова, Илгиз Шаменов эки айга камалды.

Активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости