www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буудай экспорттоо менен алектенген Орусиянын компаниялары чагымчылык жана санкциялык тоскоолдуктарга карабай муктаж болгон мамлекеттерге дан жеткирүүгө даяр. Бул тууралуу РИА Новостиге Орусиянын эгин экспорттоочулар союзунун башкармалыгынын төрагасы Эдуард Зернин билдирген.
"Биз дан келишимин токтотуунун натыйжасында орусиялык эгинди экспорттоочуларга кандай жоопкерчилик жүктөлөрүн түшүнөбүз. Өзүбүздүн гуманитардык миссияны аткарып, санкцияларга карабай муктаж болгон мамлекеттерди буудай менен камсыз кылууга даярбыз", — деген ал.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлиги Орусия Севастополь акваториясындагы терактыдан кийин эгин келишимине катышуусун токтото турганын маалымдаган. 29-октябрь күнү Киев режими британиялык адистердин кийлигишүүсү менен "эгин коридорунун" коопсуздугун камсыздаган Кара деңиз флотунун кемелерине каршы теракт жасаган.
Өз кезегинде Орусиянын айыл чарба министри Дмитрий Патрушев РФ жакынкы төрт айда жакыр мамлекеттерге акысыз 500 миң тонна буудай жеткире турганын айткан. Ошондой эле толугу менен украин эгинин алмаштырып, кызыкдар өлкөлөрдү жеткиликтүү баада буудай менен камсыз кыларын кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg