www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Активисттер Конституциянын жаңы редакциясына каршы кол топтоп жатышат. Бул тууралуу “Стоп-референдум” сайтына жарыяланды. Аталган сайтка кирип петицияны толтурса болот.
Алардын талабы:
1. Конституциялык референдумду өткөрүү демилгеси артка кайтарылсын;
2. Президенттик жана парламенттик шайлоолор өз мөөнөтүндө өткөрүлсүн;
3. Бийлик бутактарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына жараша иш алып баруусу.
“Конституциянын сунушталган долбоору коомдук талкууга коюлган эмес. Конституциялык референдум аркылуу Конституцияга өзгөрүү киргизүү тартиби бузулган. Буга карата Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасынын токтому жок жана эксперттер менен жарандардан турган конституциялык кеңешме өткөрүлгөн эмес”, – деп жазылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg