www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык актриса, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) качкындар иштери боюнча ыктыярдуу элчиси Анжелина Жоли Украинанын Львов шаарына келди. Темир жол бекетинде ал Донецктен качып келген адамдар менен сүйлөшүп, ыктыярчылар жана дарыгерлер менен пикир алмашты. БУУ актриса Львовго уюмдун тапшырмасы менен эмес, өз алдынча барганын билдирди. Социалдык тармактарда ал шаардагы кофеканалардын биринде жүргөн тасма жарыяланды.
Анжелина Жоли Украинадагы согуш башталгандан бери аны токтотууга Орусияны чакырып, ал эми Батыш өлкөлөрүн украин качкындарына жардам берүүгө үндөп келет.
Орусия “атайын операция” деп атаган, иш жүзүндө Украинага кол салган согуш эки айдан ашык убакыттан бери уланууда. Москва кеңири масштабдагы кол салуусун 24-февралда баштаган. Бул аралыкта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды. Украинанын аймагын 5 миллиондон ашык адам таштап чыгып кетти.
Булак: NazarNews.kg