www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкциялар Россияга караганда Европага көбүрөөк зыян алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Грекиянын премьер-министри Кириакос Мицотакис билдиргенин РИА Новости Real News гезитине шилтеме берип жазды. Анын айтымында, өкмөттүн башкы жана биринчи тапшырмасы элди электр энергиясы менен толук камсыз кылуу.

"Биримдик катары Россияга карата киргизген экономикалык санкцияларыбыз маанилүү жана жыйынтыгын көрсөтө баштады. Бирок биз колдонуп жаткан чаралар Россияга караганда Европага көбүрөөк зыянын тийгизбеши үчүн өтө этият болушубуз керек. Анткени Европа экономикасы толугу менен жана тез арада Россиянын жаратылыш газынан баш тарта албайт", — деген ал.

Грекиянын премьеринин айтымында, Европа Россиянын газынан тез арада кутулуу керек экенин билет. Бирок бул бир күндө ишке ашып кетчү нерсе эмес. "Электр энергиясы жетиштүү болушу үчүн биз кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү план даярдадык", — деген Мицотакис.

Премьер-министр үй чарбасы жана ишканалар үчүн электр энергиясынын кымбатташы көйгөй жаратып жатканына кошулат. Ошол себептен энергетика каатчылыгы менен күрөшөрүн белгилеген.

Ал субсидиялоо схемасы аркылуу электр энергиясын колдонгондорду колдоону улантарын айтып, майда бул боюнча жаңы пакет жарыялай турганын кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости