www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз драма театрынын "Төлгө" спектаклинде кара элечек кийген белгилүү актриса айымдарды Сара Камалова талкууга койду. 

--Каныкейдин образын жаратып монолог айтышкан. Кара элечек кийгени туура көрүнүшпү, кандай дейсиздер? Илгери күйөөсү каза болуп аза күткөндө башынан ак элечегин чечип кара жоолук салынышкан, бирок кара элечек оронду дегенин укпагам.

Эгер жолдошу каза болуп жесир калса ак элечектин четине гана кара матаны ороп коюшкан деп укканым бар, толук кара түстөгү элечек кийгени жөнүндө кабарым жок. Кара элечек көзгө да жаман көрүнүп дене дүркүрөйт экен. Тээ илгертен эле улуулар бата бергенде "ак элечегиң башыңдан түшпөсүн" деп беришкен, бул дегени өмүрлүк жарың менен өмүр бою жаша, бар болгула дегендей маанини билдирет. Элечек ак түстө болгону көчмөн калк үчүн мааниси чоң, көчүп жүргөндө жолдо белде бала төрөлсө ороончу, бирөө каза болсо кепин болгонун баарыбыз билебиз. Кайдагыны чыгарып кара элечек кийгени туура эмес деп ойлойм спектакль койгон чакта да, - деп пикир калтырган.

Бул көрүнүш талкууга алынып, кара элечек кийген тарыхта болгон эмес, бул көрүнүш жакшы жөрөлгө эместигин жазып чыгышты. 

Надира Нарматова, депутат: -- Тооба,тооба, тооба кылдым. Өтө түрү суук көрүнөт экен. Маданият кызматкерлери жүрөктүн үшүн алып бекер кылышыптыр.Тооба келтиришсин. Кудай эле сактасын.

Канайым Касмахунова: -- Туура эмес жоругу жолдо калган, режисерлор. Акты карага бургандар,өмүрү кара элечек жөнүндө уккан эмеспиз, эри өлсө, кара жоолук салган. Каныкей эне Каныша каарына калбасаңарчы жаман жорук баштар. Эмнеге эле тескери жорук кыласыңар, билип, билбей. Каерде жазылып турат кара элечек кийиптир деп, Манаста бар бекен. Хан өлсө, эл аза күтсө туусун төмөн каратып койгон. Аза күтсө да кара туу илген эмес.

Темирбек Токтомамбетов: -- Артисттерге баары бир да? Алар айтканды жасаган цирктеги айбанаттарга окшош эмеспи. Алардын режиссеру муну окуса балким оңолот болуш керек ээ?

Мырзайым Доморова -- Туура эмес кара башыңарга көрүнсүн!

Нуржамал Раманова: -- Шайтанга окшоп обу жоктонушуп, улуттук наркты сактагылачы!

Бубуаида Чыналиева: -- Бул көрүнүштү даңазалаган же жөн эле сүрөткө түшүп койгондун өзү кыргыздын нарктуулугуна доо кеткени. Артисттерде наркты сактаган барк, касиет деген кайда калды. Уялгыла өнөр ээлери, элиңерди, өзүңөрдү сыйлагандан жаман болбойсуңар.

Гулмира Мамытова: -- Маданият министрлиги көзөмөлгө алыш керек, ушундайларды, качан кара элечек болду эле?...

Чынара Юсупова: -- Караны илгертен Кыргызда жесир аялга кийгизет!

Миргул Сакиева: -- Эли журтубузга аманчылык тынчылык эле болсун.

Akylsaira Dzhumabekova: -- Кыргызда кара элечек кийди деген тарыхта жок! Бөрк ал десе баш алган өнөр ээлери! Тилеги жамандар!

Майрамкул Исманова: -- Туура айтасың кара элечектин өзү жаман көрүнөт экен. Эмне деген туура эмес көрүнүштөрдү жасап жатышат. Салт кааданы түп тамырынан бери өзгөртүшмөй болду. Буга чек коюу керек. Тарыхты бурмалап тытмалап бүтүрүштү.

Бурма Жусуева: --  Кара башыңарды жегиле кара кийип...

Наргуль Долотбакова: -- Маданият өкүлдөрү, сахнада жүргөн таанымалдарыбыздын көөдөндөрү бош, сабатсыздар экен.

Эркингул Мамбетова: -- Бул тарых дейсинер,качанкы кыргыздын тарыхында кара элечек кийчү эле? Спектаклди койгондор тарыхтан кабары бар немелерби? Же билимсиздерби?

Нурбубу Кыдырбаева: -- Жок жорукту чыгарбагыла.Такыр туура көрбөйм. Кара салганда ээгин байлабай бош коет, булар мууна элечекти кийип үрөйдү учурат го.

Айбек Алдаяров -- Кара элечек дегенди биринчи көрүшүм. Шумдугуң кургур.., деги эле кыргыздын аялзаты акыркы жылдары "кара" кийип калды, деги тынччылык эле болсо экен! Жоругуңар жолдо калсын!

Катының кара жамынган,

Кандай бул күнгө кабылган?!

Кийбеген мындай караны,

Кыргыздар журту чабылган..,!!!

Катындар "аза" күткөндө,

Карадан жоолук салынган,

Өлүмдүн "кара символун",

Болбостур азыр жамынган!

Белгини кийип ар кандай,

Бедели сынып калгандай,

Жаркыган ажар нурларын,

Жаман бир тумоо чалгандай?!

Жакынын жоктоп жоготуп,

Муң-зарга башын малгандай?!

Муңканып тигип карадан,

Муң жутуп кийип алгандай?!

Sofiya Sarieva: -- Кара элечек, кара паранджага кадам! Режиссер ким? От менен ойнобосочу! Элечек АК гана болот !

Кайыргуль Алымбекова: -- Кыргызда эзели кара элечек болбоптур, ээн баш аялдардын эмне кылганы бул?! Өтө даярдаган режиссеру башка улут окшойт, кыргызда эч андай болбогон. Кара жоолук салынган аял, эри өлгөндө гана, жыл өтүп, ак жоолук салып, кара жоолук, аза көйнөктү чечип, дароо өрттөп салышкан. Бул жоруктардын кесепети элге, жерге тийбесин!

Марзиякан Тажибаева: -- Кара кийсек илгери урушат болчу эрин өлдүбү деп. Жаман жоорук баштап кара кийбегилечи, жүрөктүн үшүн албай, - деген сыяктуу бир канча пикирлер жазылууда.

Бул көрүнүшкө, КР маданият жана маалымат министрлиги менен мамлекеттик катчы чара колдонобу күтө туралы.

Баса, кыргыздын тарыхында чын эле кара элечек болгон эмес экен... Эл айткан кайгынын символикасы болгон кара кийим өз баштарына көрүнсүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости