www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы Украинада тез арада тынчтык орнотуу зарыл экендиги тууралуу резолюция кабыл алды.

БУУга мүчө мамлекеттер бул резолюцияга кечээ, 23-февралда добуш беришти. Анын жыйынтыгында 141 мамлекет резолюцияны колдосо, 7 өлкө резолюцияга каршы чыкты. 32 мамлекет добуш берүүдөн карманды.

Тактап айтканда, Россия, Белоруссия, Түндүк Корея, Эритрея, Мали, Никарагуа, Сирия резолюцияга каршы добуш беришти.

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан добуш берүүдөн карманды. Алардын катарында Кытай, Индия, Түштүк Африка Республикасы, Иран, Армения, Куба, Эфиопия, Вьетнам жана Пакистан да бар. Түркмөнстан добуш берүүгө катышкан жок.

Резолюция боюнча, БУУга мүчө мамлекеттер жана эл аралык уюмдар Украинада дипломатиялык жол менен тынчтык орнотуу аракетин колдоону арттырышы керек. Ал эми БУУнун Башкы ассамблеясы Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганы айтылат.

Ошондой эле, резолюцияда Россияга багытталган Украинанын өтө зарыл болгон инфраструктура жана жарандык объекттерин аткылоону токтотуу тууралуу чакырык бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости