www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Актёр Бурак Өзчивит экинчи ирээт ата болду

Түрк киноактёру, "Даңазалуу доор" сериалынын жылдызы Бурак Өзчивит экинчи жолу ата болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Haber7 басылмасы белгилегендей, бала америкалык клиникалардын биринде төрөлгөн.

Жубайлар баланын атын Керем деп коюшканы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, түгөйлөр буга чейин 2019-жылы төрөлгөн үч жашар уулу Каранды тарбиялап келишкен.

Бурак Озчивит - түрк актёру. Ал "Даңазалуу доор",  "Боз торгой", "Түбөлүк сүйүү" ж.б. телесериалдарындагы ролдору менен белгилүү.

2015-жылы актёр актриса Фахрие Евжен менен мамиледе экени билинген. Ал эми жылдыздар 2017-жылы 29-июнда Стамбулда баш кошушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости