www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн өтө акылдуу санаган кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун деңгээли анчейин эмес экенин эки жылда далилдеп бүттү.

Акылбек Жапаровдун аксак логикасы, түшүнүгү боюнча экономиканы салык, айып менен элди сыгып көтөрүү экен. Эки жылдан бери оозунан салык, айып пулдан башка ырыстуу сөз чыга элек.

ККМ орнотуп ишкерлерди сыгып жатат. Машиналарды милдеттүү түрдө техникалык кароо, (2-5 миң сом) камсыздандыруу полиси (2000 сом орто эсеп менен) дегенди киргизди. Макул эместер 3 миң сом айып төлөп, кайра аргасыз камсыздандырышат. Мындан сырткары, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин кабыл алганы турушат. Аның жок болсо ооруканага көрүнө албайсың. 

Жол эрежесин бузгандарга айып пулдун өлчөмүн 15 миңге чейин чыгарды. Таза сууга болгон тарифти көтөрүүдө. Электр энергиясынын баасын бери жагы бир сом, ары жагы беш сом кылабыз деп жатышат.

Бишкекке айылдыктар кышында машинасы менен кирбесин, ыш-түтүн кылып жатышат, шаардын четине токтотуп кирсин деген тыюу салууда. Эми жайында өзүнчө, кышында өзүнчө машина айдагыла, жайкы-кышкы "права" алгыла десе да таң калыштын кереги жок болгон абалга жеттик. 

Өзү Жогорку Кеңеште айткандай, акылга, күчкө толгон жаштарды Англияга, Сауд Арабиясына, Түштүк Кореяга, Германияга, Болгарияга эшелон-эшелон кылып тентитүүдө.

Айтор, элдин жонунан кайыш тилип, чөнтөгүнө кол салгандан башка эч нерсе кылган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости