www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева ата-энелерди жана тиешелүү мамлекеттик органдарды жайкы каникул учурунда балдардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал акыркы күндөрү катталган кайгылуу окуяларга байланыштуу кырсыктан каза болгон балдардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
«ӨКМдин маалыматы боюнча, жыл башынан бери өлкөдө 41 адам сууга чөгүп өлсө, анын 13ү балдар. Акыркы бир жумада Чүйдө эки бала сууга чөксө, Таласта дарыяга түшүп кеткен 15 жаштагы өспүрүм бир жумадан бери изделүүдө. Кырсык болгон жерде эскертүү белгилери орнотулган эмес», — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Ош шаарындагы кафелердин биринде иштеп жаткан өспүрүмдү ток уруп, каза болду. Ички иштер башкармалыгы учурда бул окуя боюнча тергөө иштерин жүргүзүүдө.
Акыйкатчы институтунун мониторинги көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкан окуучулардын 70%дан 100%га чейинкиси сууда өзүн коопсуз алып жүрүү эрежелерин таптакыр билишпейт.
«Бул өтө кайгылуу окуя. Балдардын коопсуздугун камсыз кылууга болгон аракеттерди көрүшүбүз керек. Ата-энелерди балдардын бош убактысына көңүл кош болбоого чакырам», — деди Жамиля Жаманбаева.
Акыйкатчы ӨКМге калктуу конуштардын жанындагы дарыя жана суу сактагычтардын жээктерине сууга түшүүгө тыюу салган эскертүү белгилерин шашылыш түрдө көбөйтүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, милиция жана тиешелүү кызматтарга өспүрүмдөрдү жумушка орноштурууда коопсуздук чараларын кылдат текшерүү жана Ош шаарындагы окуяны тыкыр иликтөө, ал эми социалдык кызматкерлерге ата-энелер жана балдар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталды.
Жамиля Жаманбаева балдардын укуктарын коргоо Конституциялык милдет экенин, бул багытта министрлер кабинетине Жогорку Кеңеш тарабынан да атайын тапшырмалар берилгенин эске салды.