www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жетти. Кыргызстан улуттук электр тармагы берген маалыматка ылайык, 29-июнда өлкөнүн энергосистемасында суткалык керектөө 47 млн 112 миң кВт/саат болду. Бул — жай мезгили үчүн тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч.

Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын 29-июнундагы керектөө болжол менен 40 млн кВт/сааттын тегерегинде болгон. Демек, бир жыл ичинде суткалык жүктөм олуттуу өскөн.

Расмий божомол боюнча, 2026-жылы Кыргызстан жалпы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектеши мүмкүн. Анын 15,7 млрд кВт/сааты өлкө ичинде өндүрүлүп, калган 4 млрд кВт/саат коңшу мамлекеттерден сатып алынат деп күтүлүүдө.

Өлкөнүн ички өндүрүшү суроо-талапты толук жаппагандыктан, күз-кыш мезгилдеринде Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Орусиядан кошумча электр энергиясын сатып алуу улантылат. Ошондуктан калкты энергияны үнөмдүү колдонууга чакыруу да кайрадан күн тартибине чыгып жатат.

Последние новости