www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте кызга ыдык көрсөткөн адам кармалып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда 30-июндада эрте менен Бишкек шаарынын Үмөталиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эркек жаран кызга карата мыйзамсыз аракеттерди жасагандыгы тууралуу маалымат камтылган видео тараган.
Бул факты боюнча маалымат Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын МЭЖге катталган.
Ошондой эле Ленин РИИБге 2001-жылы туулган А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 1998-жылы туулган У.Ш. аттуу жаран аныкталып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Тергиштирүү учурунда жеткирилген жарандын психикалык саламаттыгына байланыштуу мүмкүн болгон белгилер аныкталып, анын абалын баалоо үчүн адистештирилген психиатриялык бригада чакырылган.
Кароонун жыйынтыгында жаран андан аркы медициналык текшерүүдөн өткөрүү үчүн медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.