www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы Институтунун кызматкери 4 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Орозайым Нарматовадан кабар алды. Бул тууралуу говори.тв жазып чыкты.
Маалым болгондой, Нарматова ачкачылык кармоону улантууда.
«Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында камакта жаткан Нарматованын кан басымы 60/90, температурасы 36,7. О. Ал ичинин ооруганына арызданып, ашказан жарасы бар экенин билдирди.
Нарматова ачкачылыкты токтотпоорун, өзүнүн камалышын саясий куугунтук деп бааларын айтуу менен, өлкөнү бир адам башкарыш керек деген позициясын билдирди. №1 тергөө абагынын кызматкерлерине эч кандай дооматы жана арызы жок.
Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагынын кызматкерлери Орозайым Нарматова ачкачылык кармап жатканын ырасташты. Алардын маалыматы боюнча ал суу гана ичип жатат», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg