www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсү менен балдар үйүндө жашаган жетим кызга 518 миң сом өлчөмүндө социалдык жөлөкпул өндүрүлүп берилди. Бул тууралуу институттун басма сөз кызматы билдирди.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 2025-жылы Чүй облусундагы балдар үйлөрүнө барып, балдардын укуктарынын сакталышын жана жашоо шарттарын текшерген. Текшерүүнүн жыйынтыгында айрым жетим балдардын мамлекеттен жөлөкпул албагандыгы аныкталган.
Маалыматка ылайык, 17 жаштагы кыз 2017-жылдан бери Чүй облусундагы балдар үйүндө жашайт. 2015-жылы ал медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) кароосунан өтүп, ага социалдык жөлөкпул чегерүү чечими кабыл алынган. Бирок, кыз балдар үйүнө которулгандан кийин МСЭКтин күбөлөндүрүүсүнөн кайра өткөрүлбөгөндүктөн жөлөкпул төлөө токтотулган. Сегиз жыл бою аны кайра комиссиянын кароосунан өткөрүү боюнча чаралар көрүлгөн эмес.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жана Социалдык камсыздоо министрлигине жетим балдардын укуктарынын сакталышына көзөмөлдү күчөтүү жана аталган кызга төлөнбөй калган жөлөкпулду өндүрүп берүү боюнча расмий кат жолдогон.
Териштирүүнүн жыйынтыгында кемчиликтерге жол берген жооптуу кызматкерлерге чара көрүлгөн. Ошондой эле өспүрүм кыздын жөлөкпулу калыбына келтирилип, анын депозиттик эсебине 518 миң сом которуу чечими чыккан.