www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылы жайында Азербайжандын жээгинде күтүүсүздөн жаңы арал пайда болуп, бир жуманын ичинде кайра жок болуп кеткен. Бул окуя Каспий деңизи кандай табышмактуу экенинин кезектеги далили болду. Себеби Каспий жөн эле деңиз эмес, ал илимди да таң калтырып келе жаткан уникалдуу табигый феномен экени айтылып келет.
Расмий аталышы деңиз болгону менен, Каспий дүйнөдөгү эң чоң жабык көл деп саналат. Бирок анын мүнөзү деңизден да татаал. Анткени кээде күйүп чыгат, кээде түнкүсүн жарык чачат, кээде жапырт жаныбарлар кырылат. Окумуштуулар кылымдар бою изилдеп келишкени менен бул деңиздин көп сырлары алигиче толук ачыла элек.

1. Каспий кайдан пайда болгон?
Илимде эки негизги версия бар. Биринчиси, Каспий байыркы Тетис океанынын калдыгы. Муну деңизде азыр да жашап жаткан реликт жаныбарлар, кораллдардын издери жана байыркы киттердин сөөктөрү тастыктайт. Экинчи версия, Каспий жер кыртышынын ири тектоникалык жаракасынын натыйжасында пайда болгон. Чындыгында, азыркы илим бул эки версия бири-бирин толукташы мүмкүн деп эсептейт. Түндүк бөлүгү океандын мурасы болсо, түштүк бөлүгү терең тектоникалык ойдуңдан пайда болгон.

2. От, жарык жана “жан алгыч толкундар”
Каспий – суу алдынан от чыккан жалгыз деңиз. Азербайжан аймагында метан газына бай 800гө жакын ылай вулкандары бар. Кээде газ суу бетине чыгып күйүп, асманга 100 метрге жеткен от мамыларын жаратат.

Айрым учурда тынч деңизде күтүүсүздөн үч метрлик толкун пайда болуп, кайыктарды оодарып кеткен учурлар катталган. Бул суунун түбүнөн чыккан ири газ көбүктөрүнүн кесепети. Ал эми түнкүсүн суунун көгүш жарык чачышы биолюминесцент бактериялар менен түшүндүрүлөт.
3. Нерпалардын табышмактуу кырылышы
2022-жылы Каспий жээгинен миңдеген өлгөн нерпалар табылган. Алгач себеп газ деп болжолдонгон. Бирок кийин лабораториялык изилдөөлөр вирустук ооруларды, уулуу заттарды жана мунай калдыктарын аныктаган. Окумуштуулардын пикиринде, жапырт кырылууга бир эле фактор эмес, экологиялык булгануу, инфекциялар жана табигый процесстердин айкалышы себеп болгон. Бирок эмне үчүн бул кырсык бир учурда болгону тууралуу алигиче жооп жок.


4. Жоголуп бараткан деңиз
Акыркы 20 жылда Каспийдин деңгээли дээрлик 2 метрге төмөндөдү. Болжол боюнча, кылым аягына чейин дагы 18 метрге түшүшү мүмкүн. Порттор кургап, жээк он чакырымдап артка жылууда. Себеби так аныкталган жок. Климат, Волгадагы дамбалар же тектоникалык кыймылдар баары талаш жаратат. Бирок кесепети айкын. Туздуулук өсүп, балыкка жана жаныбарларга коркунуч туулууда.



5. Суу астындагы байыркы шаарлар
Миңдеген жылдар мурун Каспийдин деңгээли азыркыдан 60-80 метр төмөн болгон. Ошол кезде анын жээгинде адамдар жашап, шаарлар курулган. Археологдор деңиз түбүнөн турак жайлардын калдыктарын, куралдарды, керамиканы табышкан. Эгер деңиз дагы артка тартылса, бул “Каспий Атлантидасы” кайрадан жер бетине чыгышы мүмкүн.

Эмне үчүн көл болсо да деңиз деп аталат?
Илимий жактан алганда Каспий – көл. Бирок тарыхый салт күчтүү. Байыркы грек тарыхчылары да аны деңиз деп аташкан. Ошентип, Каспий география боюнча эмес, маани-маңызы боюнча деңиз болуп калган. Ал чектерге сыйбаган, өзүнчө мыйзамы бар уникалдуу табигый дүйнө.

