www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев менен УКМКнын тергөө абагындагы сүйлөшүүсүн тыңшоо фактысы боюнча Аскер прокуратурасы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирет.

Анын айтымында, иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Өзүнө же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жасалган кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козголгон. Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иш бөлмөсүнөн 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү видеотасмасы бар диск табылганы маалымдалган.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш иши: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча өтүп жатат. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган.

Кой-Таштагы иш боюнча айыпталуучулар – депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, КСДП партиясынын мүчөлөрү, экс-депутат Равшан Жээнбеков, ошондой эле экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости