www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биз элитабыз" деп алтындарды аймаган Кожобек Рыспаев учурда БШКга төрага болуну көздөп жатыптыр. Бул тууралуу бир ооз сөз.

Депутаттарды Японияга эл аралык парламенттик жыйынга чакырып калат. “Карышкырга кой кайтарткансып” кыргыз депутаттар делегациясынын башына элита депутат Кожобек Рыспаев барат. Буларга жыйындын эмне кереги башына уруп ойнойбу беш-алты күн сайрандап “Сакэден” урушуп, жаткан мейманканасынын бөлмөсүн тамеки менен ыштап, гүлпөт чегишет. Бул мейманканада тамеки чегүүгө тыюу салыныптыр, ошондуктан булар бүчөктөрүн паластын алдына тыгышат.

Ушул иши аларга айгак болот, анткени бөлмөнү тазалап жүргөн адам муну байкап олчойгон айып салышат. Ошондуктан бул айыптарын төлөөгө аргасыз болушат, япондуктар булардын элита депутат экенин билеби?

Айыпты элита депутаттар өз капчыгынан төлөшмөк беле элдин салыгынан түзүлгөн мамлекеттик бюджет төлөйт да. Шайлаган элдин ушинтип кыжырына тийген “чимкирик” депутаттар өздөрүн “элита” сезишет экен.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости