www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунда ички иштер органдарынын кызматкерлерин коркутуу менен ага  зомбулук көргөзгөн окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ 26-ноябрь күнү Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте өткөрүлүп жаткан рейд иш-чарасы учурунда Ысык-Ата районунун аймагындагы көзөмөл өткөрмө жыйынын биринен “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү эки автоунаа тиешелүү документтерин текшерүү максатында токтотулуп, бирок алар кызматкердин талабына баш ийбей качууга аракет кылышкан.

Кызматкер аркасынан жетип токтоткон учурда автоунаадагы адамдар кызматкерге каршылык көргөзүп, ага күч колдонуу учурунда кызматкер табелдик куралынан абага ок чыгарып, эскертүү иретинде куралын колдонгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 355-беренеси (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) боюнча катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышкан.

Жүргүзүлгөн териштирүү иштери учурунда автоунаалардын биринин айдоочусу аныкталып, ал 23 жаштагы М.М. аттуу жаран экендиги такталган.

Андан сырткары милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаа унаа токтотуучу айып жайына токтотулуп, тергөө кызматы  автоунаадан скотч менен оролгон буюмдарды табышкан.

Бул окуя боюнча зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи автоунааны аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости