www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгү 2018-жылдын 4-майында Жалал-Абад шаарындагы психоневрологиялык балдар үйүндө болушуп, балдар үйүндөгү тарбияланган (бейтап) балдардга түзүлгөн шарттарга маниторинг жүргүздү. Бул тууралуу маалыматты Акыйкатчынын басма-сөз кызматы билдирди.
Ошону менен бирге өкүлчүлүк мекеменин директору Д.Алимжанова башында турган кызматкерлер тарабынан укуктук маселелер боюнча берилген суроолоруна кеңештерди берди.
Аталган балдар үйүндө учурда 65 уул, 46 кыз, баары 111 тарбияланат. Алардын 15 дайыма төшөктө жатат, ал эми 15 жөрмөлөй алат.
Жашы боюнча:
Улуту боюнча:
Регион боюнча:
Оорусу боюнча:
Бир балага күнүнө тамак аш үчүн 110 сом, ал эми дары-дармектер үчүн 12 сом каралган.
Жатаканалардын бөлмөлөрү жарык, таза болгонуна карабай кээ бир т.а. жөрмөлөгөндөр бөлүмүндө жагымсыз жыт бар. Себеби кээ бир балдар ордунан жылбайт. Бөлмөдө иштегендер имараттын эскилиги да таасир этерин айтышты. Ошондуктан аталган бөлмөнү ремонттоп, абаны алмашуусу үчүн вентиляция орнотуу каралып жаткандыгын мекеменин жетекчиси айтты.
Күнүнө үч маал ысык күчөтүлгөн калориялуу тамак берилип, бир жолу чай менен кондитердик азык берилет, ал эми бейтаптардын жатак бөлүмүндөгү баса албаган балдарга өз бөлүмүндө берилет.
Балдар үйүндө бүгүнкү күнү мурунку эски мончонун ордуна заманбап эки кабаттуу имарат салынып жаткандыктан ар бир бөлмөгө жуунучу жай аристону менен орнотулган бирок, балдардын шейшептерин жууган мезгилдерде убактылуу кыйынчылыктар болуп жаткандыгын билдиришти.
Аталган балдар үйүндө бейтаптар 7жаштан 18 жашка чейин тарбияланып 18 жашка толгондон кийин Кадамжай районунундагы Үч-Коргон Психоневрологиялык ССМ жиберилет. Бирок бүгүнкү күнү аталган үйдө 18 жаштан жогору 17 тарбиялануучуну (12 эркек, 5 кыз) Кадамжай районундагы психиневрологиялык ССМ “орун жок” деген шылтоо менен кабыл албай жаткандыгы такталган жана бул боюнча өкүлчүлүк тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине тийиштүү каттын долбоору жөнөтүлдү. Ошондой эле бул боюнча аткарылган иш Акыйкатчы институту тарабынан көзөмөлгө алынат.
Булак: NazarNews.kg