www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Акыл Токтобаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында аймактагы бир катар тоо-кен ишканаларына барып, алардын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө тармактын натыйжалуулугун жогорулатуу, өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүү жана ишканаларды модернизациялоо маселелери талкууланды. Ошондой эле лицензиялык келишимдердин талаптарын жана колдонуудагы мыйзамдык ченемдерди так сактоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Министр экологиялык нормаларды сактоо, өндүрүштүк коопсуздукту камсыз кылуу жана эмгекти коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурду. Ал мыйзам талаптарын так аткаруу тоо-кен тармагындагы негизги шарттардын бири экенин белгиледи.

Иш сапардын жыйынтыгында ишканалардын жетекчилерине өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу, тартипти күчөтүү жана аймактагы тоо-кен тармагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Министрлик мындан ары да өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүү, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана коопсуз эмгек шарттарын түзүү багытындагы иштерди улантарын билдирди.

Последние новости