www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарында 10 электробус каттамга чыгаруу пландалып жатат. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун шаар тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Коомдук транспорт маселесин Бостери айылынын тургуну Кубатбек Өмүрзаков көтөрдү. Анын айтымында, курорттук аймакка Бишкек жана Балыкчы шаарларындагыдай заманбап автобустар керек.

«Бизде туристтик аймак, ошондуктан бул жерде да ушундай автобустар каттап турса жакшы болмок», — деди ал.

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү бул маселе учурда иштелип жатканын жана бийлик каржылоо булактарын караштырып жатканын билдирди. Ал эми Ыссык-Көл районунун акими Жапар Ормонов Чолпон-Ата мэриясы бул долбоордун ишке ашуусун өз көзөмөлүнө аларын айтты.

Последние новости