www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарына караштуу Ак-Буура РИИБнин начальниги Мухамед Төрөходжаевди 20 миң сом пара менен УКМК кармаган. Системада мындай былыктар арбып кетти.

Бул чала милиционер 6 ай мурда Ош ШИИБ башчысы Акылбек Мамасейитовго 15 миң доллар берип, жумушка орношкону өздүк курам ичинде айтылууда, ыраспы?

Мухамед Төрөходжаев Түштүк Кореядан машина ташып бизнес кыларын баары эле билишет экен. Акчанын артынан кууган эргулду милицияга дайындап, Акылбек Мамасейитов өз билгенин жасап, Ош ШИИБнин ашмалтайын чыгарганы сындалууда.

Жетекчилери дайыма коррупцияга, же наркотикти көзөмөлдөөгө шектелишет. Жогорку төбөлдөр жоопкерчилигин карашпайбы? ИИМди ичтен “ириткендер” жазаланбаса, кедери карапайым элге тийип атканы жашыруун эмес.

Чечкиндүү кадамдар жасалбай, “кой терисин жамынгандар” ыплас байлыкка маарышты. Ыраатсыздык дагы канчага чейин созулар экен?

Булак: Азия News гезити

Последние новости