www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров 7 облусту ижарага берели дегенге баратат

Бир кезде азыркы Кабмин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганда Кыргызстандын аймактарын өнүккөн өлкөлөргө ижарага бөлүп берели дегенди сунуштап маек берген. Бүгүнкү күнгө чейин элдин эсинен кете элек.

Ошондо Акылбек Жапаровдун оозу-мурду кыйшайбай туруп: "Келгиле жети облусту кызганбай жети өнүккөн өлкөгө ижарага бербейлиби. Японияга Баткенди берели, Америкага, Россияга бирден башка облустарды берели, ошолор өздөрүнүн модели менен инфраструктурасын өнүктүрбөйбү. Керек болсо, андан ары дагы майдалап 40 облусту дагы кырк өлкөгө берели", - деп "дөөрүгөн" эле.

Кабмин төрагасы болгондон бери ошол арам максатын ишке ашырып баштагандай сезим калтырууда. Мына Өзбекстанга Кемпир-Абад, 4 пансионат берилди. Азербайжанга Ысык-Көлдөн 17 гектар жер берилгени турат. Келечекте дагы кимдерге эмнелер берилет айтуу кыйын.

Кыскасы, мүйүздүү болобуз деп кулагыбыздан ажырап калчудай абалга жеткени калдык окшойт. Буга чейинки бийликтин тушунда болгон кызматты аркалап, бирок ар дайым алар аңга түшкөндө Акылбек Жапаров суудан кургак чыгып келди. Эми дагы ошол "фокустарын" кайталганы калды көрүнөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости