www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ливиянын чыгышындагы Дерна шаарында селден улам тогуз миңден ашуун адам дайынсыз жоголду, деп билдирди РИА Новостиге Кызыл жарым ай уюмунун өлкөдөгү өкүлү.

"Бизге кандай гана болбосун эл аралык кызматташуу керек. Дайынсыз жоголгондор боюнча бизде тогуз миңден ашык маалымат бар. Кеңири издөө иштерин жүргүзүү керек", - деп айтылат маалыматта. 

Анын айтымында, Дернадагы селдин кесепетинен үч аймак толугу менен талкаланган.

"Дерна шаарында жана ага чектеш аймактарда абал абдан начар. Мамлекеттин жана Кызыл жарым айдын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү", - деп кошумчалайт уюмдун өкүлү.

Эскерте кетсек, Ливиянын маалымат каражаттары кабарлашкандай, "Дэниел" циклону себеп болгон нөшөрлөгөн жамгыр жекшемби күнү өлкөнүн чыгышындагы Эль-Байда жана Дерна сыяктуу бир катар шаарларда жана айылдарда сел жана суу ташкындарына алып келген. Мындан улам аймакта аэропорттор менен деңиз порттору жабылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости