www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Былтыр Талас облусундагы Миң-Булак айылынын соода түйүндөрүнөн бюджетке 33 миң сом түшкөн. Ошол эле учурда ал айылга 51 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда 2000ге чукул калк жашаган пункт бар жана бардыгында соода түйүндөрү иштейт. Эми баарына контролдук-кассалык машина (ККМ) коюлат.
"Миң-Булак айылында тогуз соода түйүнү бар. Алардын жүгүртүүсү 16,4 миллион сомду түзгөн. Эгер салык, патентти эсептесек, 33 миң сом чыгат. Мамлекет болсо бул айылга канча короткон? Пенсияга 28,8 миллион сом, мугалим, муниципалдык кызматкерлердин айлык маянасы, жөлөк пул... Орто эсеп менен 51,8 миллион сом жумшалган. Бул былтыркы жылдын маалыматы, быйыл бул сумма андан көп болот", — деген Жапаров.
Белгилей кетсек, өкмөт жыл башында ишкерлерге ККМ колдонууну милдеттендирген.
Булак: NazarNews.kg