www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Системалуу түрдө түзүлгөн жемкордуктун айынан азыр коррупция менен күрөшөлү десек, баары манипуляция кылып, бийликти коркутуп жатат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин отурумунда билдирди.
Ал бир эле мисал катары айрым ишкерлер ККМ аппараттарын колдонууга каршы чыгып коркутуп да, күчкө салып да жатышканын айтты.
"Өнүккөн мамлекеттерде ишкерлер биринчи кезекте санарипке өтүшкөн. Сингапурда 1965-жылы коррупциянын тамыры жайылып жаткан учурда дагы бийлиги катаал жана ырааттуу саясатын улантып кете берген. Биз дагы коррупцияны ооздуктоодо, көзөмөлдөөдө анын логикасына бекем таянабыз. Коррупциялык аракеттерди минималдаштырган санариптик системаны сөзсүз киргизебиз. АКШ, Европа, Кытай, Корея жана башка өлкөлөрдө пара берген да, алган да адам жоопко тартылат", — деди өкмөт башчы.
Ошондой эле, Жапаров келечекте жаштар коррупция жөнүндө таптакыр ойлонбогондой болушу керектигин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg