www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия деңиз аркылуу жүк ташууга жана Украинанын портторунан буудайды коопсуз ташууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтканын Кремль билдирди.
"Украинадагы кырдаалды талкуулоодо негизинен Кара жана Азов деңиздериндеги коопсуздукту камсыздоо жана алардын сууларындагы миналар каралды", — деп айтылат маалыматта.
Путин ошондой эле санкциялар алынып салынса, Орусия "чоң көлөмдөгү жер семирткичтерди жана айыл чарба продукцияларын" экспорттой аларын бышыктады. Орус президенти дүйнөлүк азык-түлүк рыногундагы көйгөйлөрдү “батыш өлкөлөрүнүн алысты көрө албаган каржы-экономикалык саясаты менен” байланыштырды.
Өз кезегинде Эрдоган Путинди Орусия, Украина жана БУУнун делегацияларынын жолугушуусун өткөрүүгө чакырды. Сүйлөшүү платформасы катары Стамбулду сунуштады. Түрк лидери Орусия менен Украинанын ортосунда тез арада тынчтык орношу керектигин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg