www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров “Кабар” агенттигине мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин атасынын үйүн конфискациялоо боюнча кырдаалга түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошевдин атынан жалпыга маалымдоо каражаттарында Атамбаевдин атасынын үйү конфискацияланды деп тараган маалымат тастыкталган жок.
“Үйдү конфискациялоо боюнча бизде маалымат жок. Демек, Арашан айылындагы үй сот органдары тарабынан берилген тизмеде жок. Анда жер тилкеси, тактап айтканда, Кой-Таш айылындагы эс алуу комплекси, көп жылдык көчөттөр бар, бирок үйдүн өзү тизмеде жок”, - деди Бакиров.
Эске салсак, буга чейин айрым ЖМКларда Азиз Батукаев боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Алмазбек Атамбаевдин атасы курган үйдү Мамлекеттик мүлк фонду конфискациялоону көздөп жатканы тууралуу маалымат тараган.
Булак: NazarNews.kg