www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швеция жана Финляндия зарыл чараларды көрбөсө, алардын НАТОго мүчө болушу боюнча Түркия позициясын өзгөртпөйт. Бул туурасында Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган билдиргенин РИА Новости жазды.

"Түркиянын Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө каршы чыгышы да чечкиндүү кадам болуп саналат, анын мүчөлөрү азыркыга чейин террорчулуктун объекти болуп келүүдө. Түркия бул мамлекеттер НАТО мүчөлөрү тарабынан өткөрүлгөн террорчулукка каршы операцияларды колдошун каалайт. Террорчулук ага кирген бардык өлкөлөргө кооптуулук жаратууда, талапкер болгон мамлекеттер да уюмга кирер алдында бул фактыны мойнуна алып, таанышы керек. Эгерде алар зарыл болгон кадамдарга барбаса, Түркия бул маселе боюнча өзүнүн позициясын өзгөртпөйт", — деген Эрдоган өзүнүн The Economist басылмасы үчүн курган маегинде.

Белгилей кетсек, буга чейин Орусия НАТО конфронтацияга ыктап тургандыгын бир нече ирет белгилеген эле. РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков альянстын кеңейиши боюнча мындан аркы кадамдары Европага таянар деле коопсуздук алып келбей тургандыгын, уюм агрессиялык мүнөздө болуп жаткандыгын айткан.

Эске салсак, 2022-жылдын 15-майында Швеция менен Финляндия Түндүк Атлантика альянсына кире турганы боюнча биринин артынан экинчиси маалымат тараткан. Бирок буга НАТОго мүчө болгон бир катар өлкөлөр, анын ичинен Италия нааразылыгын, Түркия каршы экендигин билдирген. Буга эки мамлекеттин Түркияда тыюу салынган Күрдистан жумушчу партиясын колдогону себеп экени айтылат. Өлкөлөрдүн союзга бардык мүчөлөрүнүн бир добуштан макулдугусуз кабыл алынышы мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости