www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы бир катар инфраструктуралык объектилерди кыдырды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал Аксы районундагы Ак-Терек каналындагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Объекттин курулушун аяктоо 2026-жылга белгиленген. Акылбек Жапаров долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү тапшырды.
Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Кербен шаарындагы 9 чакырымга созулган айланма жолдун курулушу менен таанышты. Бул жолдун курулушу жыйынтыкталса, жарандар жана оор жүк ташуучу унаалардын каттоосу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Курулуштун жалпы сметалык наркы 178 млн сомду түзөт.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Кербен аэропортунун абалы менен таанышты. Аба майданын көрүп чыгып, Министрлер кабинетинин башчысы бул объектти үстүбүздөгү жылы ишке киргизүү боюнча иштерди кайрадан жандандырууну тапшырды.
Булак: NazarNews.kg