www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТРТ жазып чыкты. Маалыматка караганда, сүйлөшүүдө Орусия-Украина согушуна байланыштуу акыркы окуялар жана гуманитардык абал талкууланды.

Эрдоган Орусия менен Украина ортосундагы тынчтыкты камсыз кылуу үчүн чын ыкластуу мамилесин улантып жатканын айтты.

Туруктуу ок атышпоо жарыялана турган болсо, узак мөөнөттүү чечүүчү жолдун ачыла турганын белгилеген Эрдоган, Орусия менен Украина ортосундагы сүйлөшүүнүн оң жыйынтыкка жетишине тилектеш экенин билдирди. Ошондой эле, Түркиянын лидери, Путин менен Зеленскийди Стамбул же Анкарада коноктоо сунушун дагы бир жолу кайталады.

Эрдоган согуштун эч бир тарапка пайда алып келбей турганын жана дипломатияга мүмкүнчүлүк берилиши керектигин баса белгилеп, сүйлөшүүнү жыйынтыктады. Белгилей кетсек, Орусия Украинадагы согуштук аракеттерин 24-февралда баштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости