www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен облусу – чек ара маселесинин чордону эмес, патриоттуулукка, кайраттуулукка, эр жүрөктүүлүккө тарбиялоочу жана шыктандыруучу жер. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткенде көчмө жыйындын жүрүшүндө билдирди.
Баткен – саясий, аскердик, экономикалык суверенитетти сезиндирүүчү жер. Ушул жер – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын, аймактык бүтүндүгүн коргой турган жер.
«Мен Баткен облусуна атайын эрте келдим. Биз бир катар өнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып, күндүн экинчи жарымында эки аскер бөлүгүн кыдырып, аскердик формаларды жана техникаларды көрүп чыктык.
Чындыгында, 2021-жыл кыргыз армиясы үчүн катуу соккулардын жылы болду. Ошол эле учурда кескин өзгөрүүлөр да орун алды. 2021-жылдын май айынан баштап чек арачылардын жана аскер кызматкерлердин айлык маянасы дээрлик 50-70%га чейин жогорулатылды.
Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаза аткаруу кызматынын Коопсуздук жана коштоо департаментинин кызматкерлеринин айлык маяналары 50-70% чейин көтөрүлдү.
Жыйынтыгында бардык күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын айлыгын теңдештирүүгө жетиштик. Бюджеттик каражаттардын эсебинен заманбап аскер техникасы жана аскердик форма сатылып алынды. Ошондой эле Баткендеги бир айлык кызматты эки ай катары эсептелсин деген чечим кабыл алынды», - деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.
Булак: NazarNews.kg