www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң саясатта Темир Сариевдин экинчи деми ачылаары байкалды

Өткөн ишемби күнү Темир Сариев “Соң-Көл” ресторанына түлөө берип, атасынын жүз жылдыгына куран окутту. Саясый элитадагы оппозиция менен пропозициясын аралаштырып, мындан сырткары, ага-тууган, тели-теңтуштарынын баарын чогултту.

Кыскасы, беш жүздөй адамга чай берди. Темикенин түлөөсү кабыл болсун! Биз бир нерсени белгилей кетели: соңку айларда тыңчыкмалар түрмөдөн шагырап эле чыгып атат, алар мынчалык деңгээлде интеллигенцияны, саясатчыларды чакырып, бата алган эмес. Темир Сариев бул жагынан өзгөчөлөнө алды. Себеби - жүзү жарык!

Түрмөгө да Кумтөр ишине байланыштуу саясый негизде отуруп чыкканын айтууда. Башкалардай ооруп калып, же арызданбады. Убактылуу кыйынчылыкты чыныгы мырзадай көтөрүп, “былк” этпеген бекемдигин далилдеди. Демек, алдыдагы күрөштөрдө Темир-мырзанын экинчи деми ачылаары шексиз. Мындан ары активдүүлүгүн көрсөтүп, оппозициянын лидерине айланабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости