www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз 1991-жылдан бери эле күнүмдүк эле көр тирилик менен оокат кылып келген өлкө болуп калганбыз.», - деди бүгүн, 22-февралда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.

- Каныбек агай, өкмөттүн аракетинен майнап чыгып, кымбатчылык тизгинделчүдөйбү?

- Кымбатчылык деген өзү эмне? Бул - ар бир эле өлкөнүн өнүгүү жолундагы кайсыл бир учурдагы тактикалык жана стратегиялык катачылыктарды кетирип алгандыгынын натыйжасы да. Биз, кыргызстандыктар, 1991-жылдан бери эле катанын үстүнөн катачылык кетирип, күнүмдүк эле көр тирилик менен оокат кылып келген өлкө болуп калганбыз.

Ошондуктан, сырттан карыз алып, ансыз жашай албай келебиз. Атактуу акыныбыз, ыраматылык Элмирбек Иманалиев анан күйүп кетип ырдап жатпайбы: «Жалаң карыздар менен күн көргөн, мындай катыгүн элди ким көргөн?» - деп. Туура айтып жатат.

Мурдагы президенттерибиздин жеткен акылы менен «жетишкендиктери» карыз алуу эле болбодубу? Анан дүйнөлүк экономикалык кризис менен кошо пандемия башталды эле, анын кесепети адегенде эле бизге окшогон күнкарама өлкөлөргө келип тийди. 

Бздин жашообуз 100% импорт менен байланышкан деп эле койсок болот. Мен экспорттолгон сырьёлорду оозангым деле келбейт. Анын экономикага тийгизген пайдасын айтууга али эрте!  Акыркы жылга чейин ошондой эле болуп келбедиби? Эми гана президент Садыр Жапаровдун администрациясы реалдуу аракеттерди баштап отурат. Бирок, көйгөй дагы деле толтура.

Ошондуктан, дүйнөлүк кризис тенденциясы бизди дагы эле желкелеп отурат. Жеке сектордун өнүгүшүнө басым жасап келебиз. Бирок, анын 90%ы «көлөкө экономика!» Андан чыгуу жолу дагы деле табыла элек. Коррупцияны ооздуктоо аракеттери башталганы менен, анын эффективдүү натыйжасына жете элекпиз.

Демек, кымбатчылыкты жеңүүгө багыт алган аракеттер кагаз жүзүндө эле калууда. Качан гана өзүбүздүн өндүрүш менен айыл-чарбабыз продукция бере баштаганда, кымбатчылыкты ооздуктоого алыбыз жетет болчу!

Азыр карапайым эл өзүнүн жеке өндүргөн түшүмүн сатып алуудан дагы ынанаарлык пайда таба албай келүүдө. Аны реализация кылуунун жолун кабмин качан уюштуруп берээр экен? Кеп ушунда!

- Айыл чарба азыктарын көбүрөөк өндүрүү үчүн айдоо жерлерин көбөйтүү аракети башталды. Эми эгин эгилип калса, орчундуу маселелер азаябы?

-  Өзү 90-жылдардагы Жер реформасы туура эмес жүргүзүлгөн экен! Жапайы капитализмге ойлонбой киргенибиз аз келгенсип, жерди менчикке дагы өтө эле одоно бөлүп жиберишиптир. Натыйжада, шылуун азаматтар эле жер ээлери болуп чыга келишти. Анан ар кимиси билген намазын окуп, каалаган эгиндерди өндүрө башташты.

План деген болгон жок. Колунда жок адамдар үлүш жерлерин сатышып, өздөрү мандикерге айланышты, же өлкөдөн чыгып кетишти. Көп айдоо жерлер айдалбай калды. Кайрак үлүштөрдү айтпай эле коёюн. Жайыттар деле ошондой болду.

Сан жеткис мал кармалып, жайыттардын баары малдын туяктарына тебелетип ташташты. Ирригациялык саясат бизде жок. Анын баары кагаз жүзүндө, же болбосо дилетанттык эле аракеттер болууда.

Анткени, чыныгы адисттер эчак эле өлкөдөн кетип калышкан. Ойлонулбай жасалган агрардык реформа чоң кризис жаратты. Анан кайдагы азык-түлүк коопсуздугу болмок эле. Импорт Кыргызстанды биротоло ооздуктап алды. Экономикалык көз карандылыгыбыз жоголгону ушул да.

Азыр эми кабмин дыйкандарга 16 миң тонна үрөөн тарата баштады. Аны 4,5% үстөк менен 2 жылга берип жатат. Бирок, азырынча күч тең болбой жатат. Масштабдуу реформалар тез жүрсө жакшы болмок. Бирок, жеке менчик ээлери кабминдин чукул чараларына макул болуп, чогуу ишке өтүшөбү, же саботаж кылып жүрө беришеби? Ушул маселе азыр курч турат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости