www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атыр Абдрахматова акыйкатчы кызматына сунушталууда

Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы кызматына Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Атыр Абдрахматованы тандады. Мындай чечим бүгүн, 22-февралдагы жыйынында кабыл алынды.

Фракциянын чечими Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетине жөнөтүлдү. Фракцияда Аралбаев, Мамат Момуновдун да талапкерлериги каралды. Акыйкатчы кызматы 2021-жылдын күз айларында Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кеткенден бери бош.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости