www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сирия Донецк менен Луганскини таануу ниетин кыйытты

Сирия бийлиги жакында Донецк жана Луганск Элдик Республикаларынын (ДЭР жана ЛЭР) көз карандысыздыгын таанышы мүмкүн. Дамасктын мындай ниетин республиканын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Фейсал Микдад Lenta.ru агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Дипломаттын айтымында, республикаларды расмий таануу үчүн өлкөнүн парламентинде тиешелүү процедуралар жүргүзүлүшү керек. «Бул чечим парламенттен өтүшү керек, бул ар кандай инстанциялардан соң болот. Бирок Сириянын республикалар менен мамилеси эчак эле башталган», - деди ал.

Микдад орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен сириялык тараптын республикаларды таануу мүмкүндүгүн талкуулаганын, бирок сүйлөшүү Москванын тиешелүү чечимине чейин болгонун кошумчалады.

Мурдараак маалымдалгандай, Сирия Республикасы Орусиянын президенти Владимир Путиндин ДЭР менен ЛЭРдин көз карандысыздыгын таануу чечимин толук колдойт.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин башчысы мындай кадам дүйнөнү бекемдейт, анткени ал Батыш жүргүзүп жаткан деструктивдүү саясатка каршы экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости