www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сандардын сазайын берген Акылбек Жапаров Кыргызстан там-туң баскандан бери эле аты таанылып, саясатта аргымагын чаап, такасы түшүп калса тура калып, сыр бербей алдыга кете берген эч кимде жок сапаттары бар. 

Бүгүн дагы мамлекеттин экономикасын көтөрүп, болуп көрбөгөндөй өзгөрүү кыламын деген Акылбек Жапаровдун арткы кадамдарын карап өлкөгө кошкон салымдарын ойлоп, 2012-жылдагы жарыкка чыккан китебине сарасеп салдык. 

--"Эгемендүүлүк мезгилинде прогресс болгон жок деп айта албайбыз. Алга жылуу болду. Өз алдынча мамлекет болдук. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болдук. Демократия өнүктү. Кадам сайын КГБдан коркуп, үндү катуу чыгарбай, шыбырап сүйлөгөндөр бакылдап сүйлөп калышты. Бир топ тойлорду өткөрдүк. Тарыхыбызды кайрадан окуп, талдай баштадык.

Бирок ошол эле мезгилде артка чегинүүлөр болду. Жалпылап айтсак кырдаалды бир кадам алга, эки кадам артка деген учкул сөз менен баяндоого болот. Артка кетүү, чегинүүлөрдү санасак, алар төмөнкүдөй: 

- Улуу держава Советтер Союзун жоготтук; 

- Бирдиктүү экономикалык мейкиндиктен ажырадык;

- Доордун абийири, сыймыгы жана акылы болууга аракеттенген Коммунисттик партиядан айрылдык;

- Көптөгөн өнөр жай ишканаларын жоготуп алдык;

- Билим берүү системасы начарлады;

- Саламаттыкты сактоо системасы начарлады; 

- Теңдиктен айрылдык. Байлар жана кедейлер пайда болду.

Албетте биз социализм доорун эстейбиз, жакшы жактарын дагы, терс жактарын дагы талдаганда бизде өкүнүчтүү дагы, кубанычтуу дагы сезимдер пайда болот.

Айрым көрсөткүчтөрдү алып карасак, 20 жылдын ичинде экономикада олуттуу жылыш болбогондугун ачык көрсөтөт. Мисалга 1988-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 2,7 миллиард сом (советтик рубль) болгон. Бул болсо ал мезгилдеги 3 миллиард АКШ долларынан көп сумма. Салыштырып көрсөк 2012-жылдагы мамлекеттик бюджеттин кирешеси 90 миллиард сом, же болбосо 2 миллиардга жакын АКШ долларына барабар болгон.

Ал эми ал убакта чыгарылып, азыр жок болгон айрым өнөр жай продукцияларын эске алсак биздеги жоготуулар абдан көп болгону даана көрүнөт. 1988-жылы 1092 чоң электр машиналары, 331,1 млн даана электр лампасы,1104 даана темир кесүүчү станоктор, 26,9 миң даана чөп пресстегич өндүрүлгөн.

Эми ушул аталгандардын көбү жок. Электр машиналары, темир кесүүчү станоктор, чөп пресстегичтер азыр чыкпай калган. Азыр бизге башка мамлекеттер автобус, же трактор берип койсо, биз жерге, сууга батпай, жетине албай, төбөбүз көккө жетип сүйүнөбүз.

Жогоруда аталган байлыктар азыр колдо болсо, бизге берилген автобустар, тракторлор кичине нерсе болуп көрүнмөк. Темир кесүүчү бир станокту бир автобуска алмаштырууга болот. Андай станоктон жылына миңди жасап чыгарып жатканбыз. Чөп пресстегичтин ар бирине бирден микроавтобус алмашууга болот. Ушул арифметиканы улантып көрсөк биздин жоготууларга жана азыркы аянтка автобус, трактор тизип, тапшырган салтанаттуу жыйналыштар өткөрүп шаңданууларга башкача көз караш пайда болот.

Биз чөп пресстегичти бул техниканы дүйнөнүн 60 мамлекетине экспортко чыгарып жүргөнбүз. Азыр биз ушунча өлкөгө кандайдыр бир продукция экспорттой алабызбы?! Биздин ар бир айылда бирден ушул техника бар эле. Азыр болсо бир нече айылга бирден ушундай техника туура келет, деп жазган Акылбек Жапаров.

Ошентип, Кыргызстанда эс тартканы экономика көтөрөм деген Акылбек Жапаров айтып эле келе жатат, “результат” жок. Өзү айткандай “Бир кадам алга, эки кадам артка”...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости