www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-түрк достук ооруканасы Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аракети менен Фучик көчөсү №15/2 дарегинде жайгашкан Түркия премьер-министринин аппаратынын алдындагы Кызматташуу жана координация боюнча түрк агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, КР Саламаттык сактоо министрлигинин ортосундагы Долбоордук кызматташуу келишимин ишке ашыруунун алкагында курулган «№1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагындагы оорукананын имараты (эксперименталдык)» муниципалдык менчикке өткөрүлдү. Имараттын жалпы аянты 10037,4 чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, оорукана 2017-жылы Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен курулган.

Оорукана керектүү жабдуулар менен жабдылган жана 72 керебетке эсептелген, анын ичинен 21 реанимация керебети, ооруканада ангиограф, компьютердик томография, магниттик-резонанстык томография, маммография, рентген жабдуулары, УЗИ, гастроскоп, эхокардиограф жана башка көптөгөн диагностикалык аппараттар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости