www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы бийлик кылмыштуу топторго карата катаал күрөш жүргүзүп, Кыргызстан кримчөйрөдөн арыла түштү. Бул жараян өзгөчө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин көзөмөлүндө болуп, алгылыктуу жыйынтык көрсөтүлдү.
Кылмыштуу топторду түп тамыран жоюу боюнча катуу, келишкис чаралар көрүлүп, кримчөйрөнүн “аталыгы” саналаган Камчы Көлбаев менен алака-катышта болгон, ал түгүл сүртөкө түшүп сыймыктангандардан бери мыйзам алкагында жоопкерчилиги каралды.
Бирок, бир жагдайга коомчулуктун ичи чыкпай турат. Баягы эле “сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” Акылбек Жапаров бул кырдаалдан дагы “кургак” чыкты. Айрымдар сүрөткө түшүп койгону үчүн жоопкерчиликке кириптер болуп жатышса, Акылбек Жапаров Камчы Көлбаев апасынын юбилейин өткөргөн тойго барып, оодаларды айтып жүргөн видеотасма далил катары турса да, дың деген эч ким болгон жок.
Буга дейре дагы Салык кызматынын мурдагы төрагасы Алтынбек Абдувапов менен анын орун басары Исламбек Кыдыргычов электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК-ЭТТН) пайдаланууга байланыштуу коррупциялык схемага айыпталып камалган, өлкөгө бир нече миллиардаган зыян келген кыңыр иште Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси бардыгы кыйыр түрдө айтылган менен укуктук баа берилбей калган.
Мындан улам, коомчулук Акылбек Жапаров кол тийгис “ак каргабы” эмнеге жоопкерчилик тартпай жатат деп нааразы. Мыйзамдын минтип кош стандарттуу иштеп жатышы бийликке карата ишенимди төмөндөтүүдө.