www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-5-ноябрда президент Садыр Жапаров кыргыз-мисир мамилелеринин тарыхында биринчи жолу Египет Араб Республикасына расмий сапар менен барат.
Бул сапар Египет Араб Республикасынын президенти Абдел Фаттах Ас-Сисинин чакыруусу боюнча ишке ашканы турат.
«Сапар Кыргызстандын мамлекет башчысынын эгемендүүлүк жылдарындагы Африка континентине болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат.
Анын жүрүшүндө Садыр Жапаров менен Абдел Фаттах Ас-Сисинин ортосунда эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр пландаштырылган, ошондой эле эл аралык жана аймактык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болот Расмий сапардын алкагында экономика, айыл чарба инвестиция, энергетика, саламаттыкты сактоо жана башка багыттар боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу каралган, алар кыргыз-мисир алкаларынын мындан аркы өнүгүшүнө негиз түзөт», деп белгиледи Президентик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип.